Жогорку Кеңештин депутаттары "Референдум жөнүндө" конституциялык мыйзам долбоорун 2-окууда кабыл алышты

Жогорку Кеңеш 22-сентябрда "Референдум жөнүндө" конституциялык мыйзам долбоорун 2-окууда кабыл алды. Мыйзам долбоору бүгүнкү жыйында талкууланып, бир топ талаш-тартышты жараткан. Демилгечилер Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, мыйзам долбоору эл аралык эксперттердин кароосунан өтпөгөндүктөн жана 1-окууда берилген сунуштар кошулбай калгандыктан аны күн тартибинен алып салууну сунушташса, айрым депутаттар эртерээк кабыл алуу керектигин айтышты.

Мыктыбек Абдылдаев демилге референдум өткөрүүнүн эрежелери боюнча болгондуктан, жарандардын кол чогултуу маселесине басым жасады. "Референдум өткөрүү үчүн 300 миң кишинин колу керек болсо, мыйзам долбоорунда 10 миң деп жазылып турат. Мен 1-окууда ушул сунушту берип, оңдоп коюуну сурангам, бирок оңдолбоптур. Эртең чоң көйгөй жаралат", - деди Абдылдаев. Жыйынтыгында добуш берүүгө жиберилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан