"Президент оюна келгенди сүйлөй бербеши керек, болбосо Акаев менен Бакиевдин тагдырын кайталап калышы мүмкүн", - деди "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 22-сентябрда радиолордун бириндеги түз эфирде. Депутат азыркы учурда саясатчылар абдан абайлап сүйлөшү керектигин айтат.
"Эрегиштен эр өлөт" дейт, кимдир бирөөлөрдүн сөзүнүн кесепети карапайым адамдарга тийбеши зарыл. Мен деле бакылдап баарын айтып жаткандай көрүнүшүм мүмкүн, бирок айтар сөзүмдү жүз жолу, миң жолу таразалап анан айтып жатам. Болбосо колунда милициясы, соту бар президентти айыптоо оңойбу? Ошол эле учурда президент да абайлап сүйлөшү керек. Оюна келгенди сүйлөй берсе, зыяны жөнөкөй элге, тарыхка тийип, Акаев менен Бакиевдин тагдырын кайталап калышы мүмкүн", - деди Текебаев.