Эмил Каптагаев: "Президенттик аппарат Бакиевдин жолун кайталоодо, адамдарды тирүүлөй өрттөө аракетине бир кадам калган сыяктуу"

"Эгер 2010-жылдагы каргашалуу окуяларга Убактылуу өкмөт күнөөлүү болсо, анда анын мүчөлөрүнүн ичинен Алмазбек Атамбаевдин жоопкерчилиги эки эсе көбүрөөк". Мындай пикирди 2010-жылкы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев 23-сентябрда социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

"Кечээ Батыров (ред. Кадыржан Батыров) жана аны качырууга жардамдашты делген адамдар тууралуу атайын телекөрсөтүү берилди. Ток этерин айтканда, көрсөтүү жана анда айтылгандардын баары жалган. "Оосурган уй оосурбаган уйду сүзөт" деген кыргыз макалынын стилинде жасалды. Атамбаевди 2010-жылдын апрель, май, июнундагы окуялардан бөлүү, аны аппак кылып көрсөтүү, ал эми калгандарына көө жабуу аракетин түшүнбөйм. Эгер 2010-жылдагы каргашалуу окуяларга Убактылуу өкмөт күнөөлүү болсо, анда анын мүчөлөрүнүн баарынын жоопкерчилиги бирдей, ал эми Алмазбек Атамбаевдики эки эсе көбүрөөк. Анткени ал 2010-жылдын 23-апрелинен тарта укуктук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча Убактылуу өкмөттүн №170-буйругу менен түзүлгөн комиссияны жетектеген. Ага бардык күч түзүмдөрүн жана укук коргоо органдарын башкаруу укугу берилген. Муну танууга болбойт.

Бүгүнкү күнгө чейин дал ушул жагдай жана анын жоопкерчилигине көңүл бурулбай келди, анткени бардык жоопкерчиликти Роза Исаковна (ред. Отунбаева) өзүнө алып, Атамбаевди калкалаган. Азыр мындай кылуунун кереги жок жана баарын башка көз карашта кароо керек. Ошол эле Батыров менен баарынан көп Атамбаев жолугушкан жана Батыров тарабынан берилген тизмедеги адамдардын анкетасын даярдоо боюнча мага түз тапшырма берген. Ошондо бул тууралуу Роза Исаковнага маалымат берип, бардык этникалык топтордун маалыматтарын жыйнап, кадрлар резерви дегенди түзүүнү баштадым. Дайындалууга чейин үлгүрүшкөн жок, кандуу Май, Июнь окуялары болуп кетти. Андан кийин июлдун башында Убактылуу өкмөт аткаруучу орган катары ишин токтотту.

2009-жылкы кырдаалга кайрылып келгенибиз жана президенттик аппарат ушактарды токуу, фальсификацияларды даярдоо боюнча дал ошол учурдагы аракеттерди кайталап жатканы жаман көрүнүш. Бакиевдер Медет Садыркуловду, Сергей Слепченкону жана айдоочу Сулаймановду тирүүлөй өрттөгөн 13-мартка да бир кадам калды сыяктанат", - деди Каптагаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан