Блоггер Даниел Кадырбеков бүгүн, 23-сентябрда президент Алмазбек Атамбаевдин Түркиядан Москвага учуп келишине пикирин жазды. Ал муну Кыргыз мамлекетиндеги саясий кырдаалга байланыштырды.
"Президенттин Кремлге күтүүсүз сапары нааразычылыктар тереңдеп кеткен учурда күч колдонуу мүмкүнчүлүгүн макулдашарынан кабар берет. Бирок анын Кремлден колдоо табышы кыйын, буга алар кызыкдар эмес. Бул жааттан караганда башка Борбордук Азия мамлекеттеринен айырмаланып алардын Кыргыз Республикасына карата ыкмасы бөлөкчө", - дейт Кадырбеков.