"Ата Мекен" фракциясында ажырым пайда болдубу?

22-сентябрда Жогорку Кеңеш Конституцияны өзгөртүүгө жол ачып берүүчү "Референдум жөнүндө" мыйзам долбоорун 2-окууда кабыл алды. Демилгеге жалпысынан 98 "макул", 6 "каршы" добуш берилди.

"Ата Мекен" фракциясынан депутаттар Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Наталья Никитенко аталган долбоорго каршы чыгышса, Сайдулла Нышанов, Эмил Токтошев жана Абдимуктар Маматов "макул" деп добуш беришти. Калган 5 "ата мекенчи" жыйында болгон жок же Текебаевди колдоону каалабай коюшту. Алар: Алмамбет Шыкмаматов, Каныбек Иманалиев, Садык Шер-Нияз, Бахадыр Сулейманов жана Айсулуу Мамашева.

Ошондой эле "Кыргызстан" фракциясынан депутат Урмат Самаев, "Бир бол" фракциясынан эки депутат: Чолпон Жакупова жана Мыктыбек Абдылдаев Конституцияны өзгөртүүгө жол ачып берүүгө "каршы" деп добуш беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан