Мавлян Аскарбеков: "Референдумга жол жок!" кыймылынын курултайын өткөрүүгө бийлик бут тосууда"

"Референдумга жол жок!" кыймылынын курултайын өткөрүүгө бийлик бут тосууда", - деди аталган кыймылдын мүчөсү Мавлян Аскарбеков бүгүн, 26-сентябрда кыймылдын алгачкы отурумунда. Анын айтымында, курултай өткөрүүгө Спорт Ордосу баштаган бир катар мекемелер уруксат бербей коюшкан. "Эртеби-кечпи, курултай өтөт. Башка мекемелер менен сүйлөшөбүз. Эч болбосо көчө курултайын өткөрөбүз", - деди Аскарбеков.

Отурумга коомдук, саясий ишмерлер Адахан Мадумаров, Бейшенбек Бекешев, Кадыр Кошалиев, Адил Турдукулов жана башкалар катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан