Текебаев: “Эгер мени камашса, Атамбаев кеткенден кийин кол чабуулардын коштоосунда эркиндикке чыгам”

“Эгер мага жалган күнөө тагып камап салышса, Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин кол чабуулардын коштоосунда эркиндикке чыгам”, - деди бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер боюнча комитетинин отурумунда депутат Өмүрбек Текебаев.

Анын айтымында, КТРК телеканалы анын мүлктөрү тууралуу бир тараптуу маалыматты берип жатат. “Мен 1995-жылдан бери 3 бөлмөлүү батирде жашайм, төрт балалуу болдум. Алар учурда окуп жатышат. Депутаттардын көбү батириме келип турушат, билишет. КТРК мени кылмышкер катары көрсөтүүгө аракет кылып жатат. Журналисттери менден маалымат алып коюшса болот да. Мен кирешелеримдин баарын жыл сайын декларацияда белгилейм. КТРК мени үлгүлүү чиновник катары көрсөтүш керек. Учурда жер үй куруп жатам. 5 жыл ичинде курулуш иштерин бүтөйүн дейм. Мен айылда өскөнүм үчүн сөөгүм жер үйдөн чыксын дейм”, - деди Текебаев.

Андан соң депутат КТРКнын башчысына кайрылып, президенттин айланасындагылардын мүлктөрүн текшерүүнү талап кылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан