"Референдум жөнүндө" мыйзамга үчүнчү окууда "Ата Мекен" фракциясынын бардык депутаттары "каршы" деп добуш беришет. Бул тууралуу 26-сентябрда SUPER.KG порталына аталган фракциянын депутаты Каныбек Иманалиев билдирди.
"Экинчи окуунун алдында фракцияда "эркин добуш берүү" деп чечкенбиз. Мен жыйында жок болгонум үчүн экинчи окууда добуш берген жокмун. Ал эми үчүнчү окууда баарыбыз "каршы" деп добуш беребиз, анткени мыйзам долбоорун кабыл алуунун процедурасы бузулду", - деди Иманалиев.
Белгилей кетсек, өткөн аптада Жогорку Кеңеш Конституцияны өзгөртүүгө жол ачуучу "Референдум жөнүндө" мыйзам долбоорун 2-окуудан кабыл алды. Ага чейин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев долбоор шашылыш кабыл алынып жатканына каршы чыккан, бирок добуш берүүдө бир катар "ата мекенчилер" долбоорду колдоого алышты. Фракциянын 5 депутаты добуш берүүгө катышкан жок. Аталган мыйзам долбооруна парламентте 6 депутат: Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова,Наталья Никитенко, Урмат Самаев, Чолпон Жакупова жана Мыктыбек Абдылдаев "каршы" деп добуш берди. 98 депутат долбоорду колдосо, калганы добуш берүүгө катышкан жок.