Бүгүн, 26-сентябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
24-сентябрда интернет булактарга "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" мыйзам долбооруна 2-окууда депутаттар кандай добуш бергендиги тууралуу жыйынтык чыкты. Эске салсак, 22-сентябрда Жогорку Кеңеште Конституцияны өзгөртүүгө жол ачып берүүчү демилгеге жалпысынан 98 "макул", 6 "каршы" добуш берилген. "Ата Мекен" фракциясынан депутаттар Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Наталья Никитенко аталган долбоорго каршы чыгышса, Сайдулла Нышанов, Эмил Токтошев жана Абдимуктар Маматов "макул" деп добуш беришти. Калганына ак же көк деген позицияны кармануу кыйын болгон көрүнөт, 5 “ата мекенчи” жыйынга катышкан эмес. Алар: Алмамбет Шыкмаматов, Каныбек Иманалиев, Садык Шер-Нияз, Бахадыр Сулейманов жана Айсулуу Мамашева. "Кыргызстан" фракциясынан жалгыз депутат Урмат Самаев, "Бир бол" фракциясынан эки депутат: Чолпон Жакупова жана Мыктыбек Абдылдаев Конституцияны өзгөртүүгө жол ачып берүүгө "каршы" деп добуш беришти.
Мурдагы “ата мекенчи” Равшан Жээнбеков “Супер-Инфо” гезитине берген маегинде парламент тууралуу сөз козгоп: “Акыркы убакта, албетте, "Ата Мекен" оппозиция болуп калды. Бирок "Ата Мекендин" ичинде деле Өмүрбек Текебаев менен Алмамбет Шыкмаматовдон башкасы унчукпай жатышат”, - деген болчу. Жогорудагы добуш берүүнүн жыйынтыгына караганда, Равшан мырза билдирген унчукпастар Шыкмаматов баш болуп ким экени айкын болду. Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө жалгыз болуп каршы чыккан “Ата Мекен” фракциясынын ичинде деле командалык чечим кабыл алуу чабал болуп жаткандай. Кептин баары эми соңку чечимди кабыл алуучу 3-окууда добуш берүүдө калды.
Ал арада бүгүн, 26-сентябрда Адахан Мадумаров, Равшан Жээнбеков, Эльмира Ибраимова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Рита Карасартова жана башкалардын башын бириктирген “Референдумга жол жок!” кыймылынын кезектеги жыйыны болуп өттү. Анда Адахан Мадумаров: "25 жыл ичинде саламга келбеген адамдар биригип отурабыз. Кыргызда "түгөнгөн сайын түтөгөн" деп айтылат. Түтөгөн учур келди", - деди. Жыйындын чечими катары референдумга каршы жана парламентти таркатуу боюнча кол топтоо башталары айтылды. Бул иш-чарага “бийликтин 2020-жылга жеткирбей Конституцияны өзгөртүү аракеттери менин жарандык позицияма каршы келет” деп биринчилерден болуп кызматынан отставкага кеткен Кылычбек Султанов да катышты. Ал “Референдумга жол жок!” кыймылы кабыл алган чечимге өзгөчө пикирин билдирүү менен кол койду. Экс-элчи Кылычбек Султановдун айтымында, Баш мыйзам 2020-жылга чейин кол тийгис бойдон калышы керек, бирок азыркы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин таркашына каршы. “Конституциянын кемчиликтери деп айтылып жаткан учурларды 2020-жылы жаңы шайланып келген Жогорку Кеңештин курамы карап, талкуулап, референдуму жок эле кабыл алса болот”, - дейт Кылычбек Султанов.
SUPER.KG порталынын “Элдик кабар” рубрикасына Кызыл-Кыя шаарында жергиликтүү ишкерди УКМК кызматкерлери ур-токмокко алгандыгы боюнча окурмандан кабар келип түшкөн. “24-сентябрда УКМКнын кызматкерлери мас абалда келишип, жеке ишкерден акча талап кылышкан, андан соң аны ур-токмокко алышкан", - деп жазган окурман. ИИМ өз кезегинде бул боюнча: “Ош-Кызыл-Кыя жолунун Ноокат районуна караштуу Өрнөк айылынын аймагындагы бөлүгүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери Замир Жолболдуев менен Зарылбек Маткалыков аттуу айдоочу жол талашып кетишкен. Экөө бул окуяда мушташууга чейин барышкан”, - деп маалымдаган. Ишкер менен УКМКнын аймактык башчысынын кең жолду талаша кетип мушташа кеткени күмөн жаратат. Ишкер Зарылбек Маткалыков: “Окуя болордон 2-3 күн мурун иш бөлмөмө белгисиз адамдар келишип, Замир аттуу киши менен телефон аркылуу сүйлөштүрүшкөн. Анда ал “ишкер экенсиң, биздин алдыбыздан өтүп койбойсуңбу” деген. Мен анын сунушуна макул болгон эмесмин. Окуя болгон күнү тойдон келе жатканбыз. Караван айылына 500 метр жетпей артыбыздан белгисиз унаа кысып, күйүүчү май куюучу жерден токтоого аргасыз болдук. Ал жерде эч ким жок экен. Анан унаадан белгисиз 3 адам түшүп, мени ур-токмокко алышты”, - деп билдирүүдө. Буга катар ишкер белгисиз адамдар келип, учурда ага кысым көрсөтүп жатышканын жана унаасынан окуя болгон күнү 156 миң сом уурдалганын да айтууда. УКМК болсо бул чырга аралашып калган кызматкеринин убактылуу кызматтан четтетилгенин билдирди. Жөн жерден негизсиз кызматтан четтетүү чечими кабыл алынбаса керек. Укук коргоо кызматкерлеринин мындай жоруктарында иштен бошотуу менен чектелбей, тиешелүү деңгээлде чара көрүлбөсө, өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө салым кошкон ишкерлерди мындай кой, чет өлкөлүк инвесторлор Кыргыз өлкөсүнөн айланып качары турган иш.
УКМК кызматкерлеринин дарегине түркүн сындар айтылып келет. Алардын айрым ишкерлерден “доля” талап кылганы тууралуу буга чейин да сөз болуп келген. Бул жүрүшүндө кете берсе, Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн айырмасы билинбей калбайт бекен?..