Парламенттеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорунун авторлорунун катарында жок. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин 27-сентябрдагы жыйынында фракция лидери Бакыт Төрөбаев долбоордун алгачкы вариантын колдогонун эскертип, 23-сентябрда киргизилген документке кол койбогонун айтты.
Белгилей кетсек, комитет жыйынында Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду 2016-жылдын 4-декабрына дайындоо жөнүндө мыйзам долбоору каралууда. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов долбоорго 84 депутат кол койгонун айтты. Документке КСДП, "Кыргызстан" жана
"Республика-Ата Журт" фракцияларынын лидерлери кол коюшуп, "Ата Мекен", "Бир бол" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракцияларынын лидерлери кол коюшкан жок.