Эмил Каптагаев авторлорго: "Конституцияны өзгөрткөнүңөр менен, анын үзүрүн деле көрбөйсүңөр"

2010-жылкы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев Конституцияны өзгөртүү аракетин "коомго кереги жок демилге" деп атады. Мындай пикирин саясий ишмер 27-сентябрда социалдык тармактагы жеке баракчасына жазды.

"Саясаттын эң кооптуу жана ыплас тарабын "референдумду эмне болсо дагы өткөрөбүз" деп баарынын колу-бутун кайрып, толгоп жаткандар жасашууда. Аягы тумандаган, азыр эл үчүн дагы, мамлекет үчүн дагы эч кереги жок демилгени токтотсоңор Кудайга жаккан иш болор эле. Жөн эле куру намыстын кулу болуп, "жасайм дедимби, жасайм" деп дайыны жок көгөрүштүн кажети жок, урматтуу депутаттар! Орусча "пиррова победа" деп коюшат, "жеңдик" деп референдумдан кийин маашырланып бул чала демилгенин үзүрүн деле көрбөйсүңөр", - деди Каптагаев.

Белгилей кетсек, бүгүн парламенттин тармактык комитети референдумду 2016-жылдын 4-декабрына дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окуудан колдоду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан