7-октябрда "Референдум жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чараны Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети өткөрөт. Парламенттик угууга катышууга бардык кызыкдар адамдар чакырылууда.