Интернетке депутаттар Өмүрбек Текебаев менен Рыскелди Момбековдун суроо-жообу тартылган видео жарыяланды. Депутаттар парламент комитетинин жыйынында Конституцияны өзгөртүү боюнча бири-биринен жооп талап кылган. Момбеков Текебаевге кайрылып: "2010-жылкы Конституцияны 2 ай жаздык деп айткансыз, 2 күндөн кийин 1,5 ай жаздык дедиңиз. Бүгүн 1 ай жаздык деп жатасыз", - деди.
Буга жооп катары Текебаев буларды айтты: "2010-жылкы Конституциялык кеңешме оор кырдаалда, видеокамералардын алдында, протоколдор менен түнкү саат үчкө чейин иштеп жатты. Эми сизге суроо: 82 адам (Конституцияны өзгөртүүнү колдогон депутаттар) бир жолу чогулуп, жок дегенде долбоордун концепциясын талкууладыңарбы? Же бир-бирден кармап кол койдурдубу? КСДП фракциясы талкууладык дейсиңер. 1 камера, 1 журналист катыштыбы? Элден жашынып алып эмнени талкууладыңар?"
Мындан кийин Момбеков "2 ай, 1,5 ай деп эмне калп айтып жатасыз?" деп баштагы суроосун кайталоо менен чектелди.