Жогорку Кеңештин 29-сентябрдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев мектеп окуучуларынын тамагына бөлүнүп жаткан акчаны окуучулар үчүн китеп чыгарууга жумшоону сунуштады. "Мектептин негизги максаты балдарга билим берүүбү же тамак берүүбү? Жылына ысык тамакка деп акча бөлүнүүдө. Чынында ысык тамак жок, чай менен булочка. Андан көрө ошол акчаны окуу куралдарын чыгарууга жумшабайлыбы?" - дейт депутат.
Бекешев мектеп окуучуларынан акча жыйноо адаты токтобой жатканын айтып, билим берүү мекемелериндеги Камкордук кеңештерине мугалимдер менен директорлорду киргизбөө зарылдыгын айтты. "Камкордук кеңешине ата-энелер кириши керек. Эгерде мугалим кирип алса, аны мектеп директору кыйнайт", - деп билдирди.