Парламентте малды паспорттоштуруу иши кечигип жатканы боюнча маселе көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин 29-сентябрдагы жыйынында өлкөдө малды паспорттоштуруу ишинин кечигип жатканы айтылды. Депутат Зиядин Жамалдинов быйыл күздө башталышы керек болгон бул иш боюнча тендерлер бүтпөй, фермерлер өндүргөн азык-түлүктөр экспорттолбой жатканын билдирди.

Малды идентификациялоо долбоору мындан бир нече жыл мурун көтөрүлүп, бирок ишке ашпай келе жатат. Сунушталган мыйзамга ылайык, бодо малга 2014-жылдын 1-октябрынан, жылкыларга 2015-жылдын 1-октябрынан, майда мал жандыктарына 2016-жылдын 1-октябрынан, канаттуулар менен аарычылыкка 2017-жылдын 1-октябрынан тарта идентификация жүргүзүү жагы каралган. Бирок Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында мыйзамды күчүнө киргизүү мөөнөтү улам артка жылдырылып келген. Соңку жылдырууга ылайык, быйыл күзүндө идентификациялоо иштери башталышы керек эле. Өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке киргенине бир жылдан ашты. Депутат белгилегендей, дыйкандар өндүргөн эт-сүт азыктары биримдиктин талаптарына ылайык, дагы эле альянска мүчө өлкөлөргө чыгарылбай жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан