Конституцияны өзгөртүү президенттин укугун азайтпайт, азыраак болсо да күчөтөт. Муну 29-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Ата Мекен" фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов билдирип, өзгөртүүдөн кийин күтүлгөн негизги кесепеттерди атады.
"Президенттин ыйгарым укуктары күчөйт, өкмөттүн бийлиги эбегейсиз күчөйт, парламент өзүнүн рычагдарынан ажырап, чөнтөк парламентке айланышына жол ачылат жана соттор көз карандысыздыгынан ажырайт. Эгерде референдум өтсө, парламентаризмге бөгөт коюлат. Кыргыз Республикасында жалпы 50 миңдей укуктук-ченемдик актылар бар. Булар Конституцияга баш ийгендиктен, Конституция туруктуу болсо, бул актылар да туруктуу болот. Бул актылар адилеттүү, стабилдүү болсо, анда коомдогу мамилелер дагы адилеттүү болот", - деди Шыкмаматов.