Кыргыз делегациясы жол коопсуздугу боюнча Орусияда өткөн эл аралык жыйынга катышты

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы Орусияда өтүп жаткан "Жолдордогу коопсуздук жашоонун коопсуздугу үчүн" Эл аралык конгрессине катышты. Өкмөттөн 28-сентябрда билдиришкендей, вице-премьер: "Мындай эл аралык деңгээлдеги баарлашуулар жол коопсуздугун камсыздоо жаатындагы дүйнө коомчулугу үчүн жалпы көйгөйлөрдү гана аныктабастан, аларды чечүү жолдорун иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Жол кырсыгына каршы натыйжалуу күрөш жол кыймылынын бардык катышуучуларына: айдоочулар, транспорттук каражаттар жана жол инфраструктурасына бир мезгилде таасир бергенде гана ишке ашуусу мүмкүн", - деди.

Разаков жол кырсыгын кыскартуу, жолдордогу абалды жакшыртуу жана жол коопсуздугун камсыздоо маселеси боюнча ишти координациялоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн өкмөткө караштуу комиссия үзгүлтүксүз иш жүргүзөрүн да белгилейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан