Алмазбек Атамбаев Израиль президентине көңүл айтты

Президент Алмазбек Атамбаев көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Шимон Перестин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу Израиль президенти Реувен Ревлинге көңүл айтты. Бул тууралуу 29-сентябрда президенттик аппараттан билдиришти. "Көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Шимон Перестин дүйнөдөн кайтканы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өз атымдан сизге, маркумдун туугандарына жана жакындарына, ошондой эле бүткүл Израиль элине бул оор жоготууга байланыштуу чын дилимден көңүл айтам", - деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында.

Шимон Перес - Израилдин 9-президенти. Аталган мамлекетти 2007-жылдан 2014-жылга чейин башкарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан