Парламенттик шайлоодогу босоголук пайыз 7ден 9 пайыздык чекке көтөрүлүшү мүмкүн

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодогу босоголук пайыз 7ден 9 пайызга көтөрүлүшү мүмкүн. Парламенттин 29-сентябрдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралды.

Баяндамачылардын айтымында, мыйзам долбоору шайлоо процесстеринин сапатын жакшыртууга жана жарандардын шайлоого жана шайланууга болгон укуктарын камсыз кылууга багытталган. Долбоор аркылуу шайлоо босогосун 9 пайыз деп белгилөө каралып, шайлоочулардын тизмеси шайлоо күнүнө 30 күн калганда бекитилиши керектиги сунушталган. Депутаттын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу жөнүндө арызды берүү жана тариздөө тартибин конкреттештирүү жана башка бир катар түзөтүүлөр белгиленген.

Айрым депутаттар босоголук пайызды, тескерисинче, төмөндөтүү керектигин, башкалары кийинки парламенттик шайлоодо 8 пайыз, андан кийинки шайлоодо 9 пайыз кылса туура болорун айтышты. Жыйынтыгында мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Белгилей кетсек, 2015-жылкы парламенттик шайлоодо 7 пайыздык чекти 6 партия басып өтүп, учурда парламентте отурат. Бул чек 9 пайыз болсо, парламентке өткөн партиялардын саны азайышы күтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан