Конституцияны өзгөртүү Атамбаевдин бийлигин сактоого жол ачарын чет элдик ММКлар жазышууда

"Кыргызстан Атамбаевдин бийлигин сактап калууга жөндөмдүү референдум даярдоодо". Эл аралык "Рейтер" агенттиги 29-сентябрда ушундай аталышта макала жарыялады. Анда Кыргыз мамлекетинде Баш мыйзамды өзгөртүү аракети баяндалат.

"Сынчылардын пикири боюнча, 2017-жылы президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин Алмазбек Атамбаев барат делген өкмөттүн, премьер-министрдин ыйгарым укуктарын күчөтүү үчүн Конституцияга түзөтүү киргизүү боюнча 4-декабрга референдум дайындоону Кыргыз Республикасынын парламенти көпчүлүк добуш менен колдоду. Атамбаев мындай аракети (бийлигин бекемдөө) жоктугун айтууда. Парламентте көпчүлүктү Атамбаев башында турган Социал-демократиялык партия түзөт. Анын санаалаштары Конституцияга түзөтүү киргизүүнү июлда демилгелешти. 6 миллион калкы бар Кыргыз мамлекети - мурунку СССРдеги кедей өлкөлөрдүн бири. Постсоветтик мезгилде саясий жана этностор аралык кандуу кагылышууларга бир нече жолу кабылды. Батыш өлкөлөрү Кыргыз Республикасын Борбордук Азиядагы жалгыз жана алсыз парламенттик демократия жолундагы өлкө катары көрөт", - деп айтылат макалада.

Белгилей кетсек, 29-сентябрда парламентте референдум дайындоо жөнүндө мыйзам каралып жатканда депутаттар Каныбек Иманалиев, Алмамбет Шыкмаматов жана башкалар "Конституцияны өзгөртүү -парламентаризмдин канатын кыркуу" деп билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан