Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөткө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Жоомарт Жумабековго сөгүш жарыялады. Тийиштүү буйрукка премьер тарабынан кол коюлганын өкмөттүн маалымат кызматы 30-сентябрда маалымдады. Сөгүш жүктөлгөн милдеттерди тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн берилген.
Белгилей кетсек, жакында парламент депутаттары аталган фонд жарандарга курттаган ун сатып жатканын айтып чыгышкан. Жогорку Кеңештин 22-сентябрдагы жыйынында аталган депутат Жыргалбек Турускулов Мамлекеттик материалдык резерв фонду курттаган унун карылар үйлөрүнө жана жетим-жесирлерге 16 сомдон сатып жатканын айтып чыккан. Мекеменин кампасында дагы 70 тонна ун калды деген маалымат бар экенин да билдирген эле. Парламенттин 29-сентябрдагы жыйынында курттаган ундун сатылышы боюнча жооп кайтарбай жаткан өкмөткө нааразычылык билдирген.