Жогорку Кеңеш 6-октябрда сугат жерлерин трансформациялоого мораторий киргизүү жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин карайт

30-сентябрда Жогорку Кеңештин Координациялык кеңешинин отуруму өттү. Анда парламенттин 5-6-октябрдагы жыйындарынын күн тартибинин долбоору жана 2016-жылдын октябрына карата Жогорку Кеңештин ишинин календарлык планы бекитилди.

Жогорку Кеңештин 5-октябрдагы жыйынында “Бишкек шаарында 2016-жылдын 30-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Италия өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу”, “Тегеран шаарында 2015-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу”, “Женева шаарында 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган Дүйнөлүк соода уюмун уюштуруу жөнүндө Марракеш макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоорлору каралары белгиленген. Ошондой эле 3-окуудагы “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”, “КР Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” жана башка мыйзам долбоорлору күн тартибине киргизилди.

Ал эми 6-октябрда парламентте “Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө” мыйзамга толуктоолорду киргизүү тууралуу”, “Кыргыз Республикасынын мүлктү декларациялоо жана легалдаштыруу маселелери жөнүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”, “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” жана башка мыйзам долбоорлорун кароо пландаштырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан