Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 30-сентябрда Санкт-Петербург шаарынын губернатору Георгий Полтавченко менен жолугушту. Разаков аймактар аралык кызматташууну активдештирүү маданий-гуманитардык жана эки тараптуу өз ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Тараптар кыргыз мигранттарынын маселесин да талкуулашты. Вице-премьер-министр белгилегендей, "кара тизменин" кыскартылышына карабай, 2015-жылдын 19-июнундагы Санкт-Петербург макулдашууларын ишке ашыруу натыйжалары боюнча, андагы кыргызстандык жарандардын саны көп бойдон калууда. Буга байланыштуу тараптардын биргелешкен натыйжалуу аракеттерине жана Кыргыз Республикасынын ЕАЭБдеги мүчөлүгүнө жараша Орусиянын аймагында жашап жана иштеп жаткан эмгек мигранттарынын абалы жакшырарына ишенерин билдирди.