Өкмөт башчы Бишкектин энергетикалык өнүгүүсү 80-90-жылдардын деңгээлинде калганын моюнга алды

Жумушчу топ өлкөнүн энергетикалык тармагын өнүктүрүү концепциясын даярдоодо. Маалыматты 3-октябрда Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын 2016-жылдын 9 айындагы ишинин жыйынтыгы талкууланган жыйында аталган мекеменин башчысы Айбек Калиев билдирди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасы зор энергетикалык мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин, Бишкек шаарынын энергетикалык өнүгүүсү өткөн кылымдын 80-90-жылдарынын деңгээлинде калып жатканын белгиледи. "Керектөөчүлөрдүн рыногу кеңейгенине байланыштуу борборубуз электр энергиясын ташууда кыйынчылыктарга туш келүүдө. Муну эске алуу менен кошумча кубаттуулук берүүчү борборлорду курууну тезинен баштоо зарыл", - дейт премьер.

Айбек Калиевдин билдиришинче, республикада 400 миң "акылдуу" эсептегичтерди орнотууну каржылоо үчүн Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Негизги талап - эсептегичтер Кыргыз Республикасынын аймагында гана өндүрүлүшү керек. Бүгүнкү күндө республикада 20 миң "акылдуу" эсептегич орнотулганы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан