Бакыт Төрөбаев айрым депутаттардын пикири парламенттик комитетте эске алынбай жатканына арызданды

Жогорку Кеңештин 5-октябрдагы жыйынында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев айрым депутаттардын пикири парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде эске алынбай жатканына арызданды.

"Референдум жөнүндө" мыйзам долбоору 2-окууда каралганы жатат. Биз өткөндө бул долбоордун демилгечилери катары бир жумага жылдырууну сунуштаганбыз. Бул убакыттын ичинде парламенттик угууларды өткөрүп, элдин ой-пикирин укмакпыз, бирок бизди укпай койдуңар. Аз болсок да бизди угуп жүрсөңөр, туура жолго түшөсүңөр. Долбоордун кайсы беренелери туура эмес, кайсы беренелери өзгөртүлдү, ушул боюнча так маалымат берип койсоңуздар", - деп кайрылды аталган комитеттин жетекчилигине Төрөбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан