"Мегакомдун" тегерегиндеги чыр Жогорку Кеңеште кийинки жумада карала турган болду

"Мегаком" компаниясынын тегерегиндеги чыр Жогорку Кеңеште кийинки жумада карала турган болду. Тиешелүү чечимди депутаттар бүгүн, 6-октябрда кабыл алышты. Ага ылайык, аталган маселе боюнча депутаттык комиссия түзүлмөкчү.

Эскерте кетсек, кечээ, 5-октябрда "Вечерний Бишкек" басылмасы “Ата Мекендин” депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматов “Мегакомдун” айланасындагы жаңжалдар менен тыгыз байланыштуу жана бул компанияда жеке кызыкчылыктары бар. Тагыраак айтканда, өздөрүнүн үлүштөрү бар. Үлүштөрү Максим Бакиевдин атына катталган оффшордук компанияларда жайгашкан”, - деген маалыматты жазган. Алмамбет Шыкмаматов бул маалыматты жалган деп, себептерин түшүндүргөн. Бүгүнкү парламент жыйынында ал жана Салянова депутаттарды өкмөттөн маалымат угууга чакырышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан