Кадыржан Батыров 2010-жылы кимдин өтүнүчү менен өлкөдөн чыгып кеткенин айтты

2010-жылкы Июнь окуясына айыпталган Кадыржан Батыров 6 жыл мурун өлкөдөн кантип чыгып кеткенин айтты. Батыров жакында "Азаттыкка" маек курду.

"19-май күнү Бишкектен Алишер Сабиров деген депутатты Роза Отунбаева “Батыров менен сүйлөш, Кыргызстандан бир-эки күн чыгып турса, биз Бакиевге өткөн жарандарды өзүбүзгө буралы. Бизде кырдаал кыйын болуп жатат” деп жибериптир. Аны менен милициянын полковниги Исажан Өмүракунов 19-май күнү кечинде мага келди.

Андан кийин Исмаил Исаков, Бакыт Алымбеков, Алишер Сабиров 19-майдан 20-майга караган таңда университетке келишти. Бизден университеттин ректору, мен, менин жардамчым Улукбек Абдусаламов чогулуп сүйлөштүк. “Кадыржан, бизге кыйын болуп жатат, мына ипподромдо болгон нерсе биздин беделибизди түшүрдү. Бизге бир мүмкүнчүлүк бериңиз, Кыргызстандан үч-төрт күн чыгып туруңуз, биз кыргыз жарандарынын башын бириктирип алалы, анан кайра келесиз. Андан кийин чогуу иштешебиз” деп суранышты. Мындай кырдаалда мага кандай кепилдик бардыгын сурасам “сиз кам санабай чыга бериңиз, посттордун баарына айтылды, эч кандай тоскоолдук болбойт” дешти", - дейт Батыров.

Батыров 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн ичинен эң көп Алмазбек Атамбаев менен жолугушканын, депутат Өмүрбек Текебаев менен бир да жолу жолукпаганын тастыктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан