"Ата Мекен" фракциясы Конституцияны өзгөртүү аракети боюнча Конституциялык палатага кайрылат. Мындай чечим фракциянын 7-октябрдагы жыйынында кабыл алынды. "Ата мекенчилер" адам укугуна жана эркиндиктерине карата киргизилип жаткан өзгөртүүлөр, референдум тууралуу мыйзамдын кабыл алынышы канчалык Конституцияга жана мыйзамдарга шайкеш келери боюнча Конституциялык палатанын чечимин сурайт.