Бүгүн, 7-октябрда Ак үйдө "Референдум жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтүүдө. Анын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев бул иш-чарадан майнап чыкпастыгын билдирди. "Бул парламенттик угууда Конституцияны өзгөртүү боюнча сунуштарды айтууга мүмкүн эмес. Анда эмне пайдасы бар? Эмнеге угуу августта эмес, сентябрда эмес, бүгүн өтүүдө? Конституцияны өзгөртүү боюнча демилге мыйзамсыз жол менен кетип жатат", - деди Текебаев.
Андан соң ал президент Алмазбек Атамбаев Конституцияны өзгөртүү үчүн улутчулдукту козгоп жатканын айтты. "Интернеттеги рейтингдер боюнча, акыркы күндөрү Азимжан Аскаров менен Кадыржан Батыровдун аттары көп айтылууда. Бул экөө кылмышкерлер. Өзбек туугандарыбыз да аларды кылмышкерлер деп санашат. Атамбаев бул экөөнү чыныгы лидерлерге айландырды. Кечээ Атамбаев КТРК каналы аркылуу "Текебаев Батыров менен жолуккан" деген жалган маалыматты көрсөтүп, Геббельстин (фашисттик Германиянын жогорку кызматтагы мамлекеттик ишмери болгон - SUPER.KG) жолуна түштү", - деди Текебаев.