Нурбек Токтакунов: "Конституцияны өзгөртүшсө, мен бул бийликти тоготпойм"

Жогорку Кеңеште 7-октябрда "Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн референдум дайындоо жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланган парламенттик угуу өтүүдө. Жыйында депутат Дастан Бекешев Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарылдыгын белгилеп: "Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр премьер же президент бийликти узурпациялап алат деген туура эмес", - деди.

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов Конституцияны өзгөртүүнүн демилгечилери эки жүздүүлүк кылып жатканын айтты. "4-декабрга дайындалганы жаткан референдум - саясий оюн. Силер элдин атынан чайкоочулук кылып жатасыңар. Азыркы Конституциянын 10 пайызы да иштеген жок, бүгүн өзгөртүлүп жатат. Жок дегенде Баш мыйзамдын жарымы иштесе, карап көрсөк болот эле. Жаңы Конституция кабыл алынса, бийликти легитимсиздештирет. Андан кийин мен бул бийликти тоготпойм, өз сөзүм үчүн жооп берүүгө даярмын", - деди Токтакунов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан