Конституция боюнча референдумду 11-декабрда өткөрүү сунушталды

Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду 2016-жылдын 11-декабрында өткөрүү сунушталды. Бул тууралуу 7-октябрда Жогорку Кеңеште "Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн референдум дайындоо жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланган парламенттик угууда КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди.

Референдумду буга чейин пландалгандай 4-декабрда эмес, 11-декабрда өткөрүү сунушу парламенттин тармактык комитетине жөнөтүлгөн. Мунун себеби "шайлоону дайындоо тууралуу президенттин жарлыгы чыга электигинен улам бир апта артка жылдыруу жагы каралууда" деп түшүндүрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан