2010-жылкы Июнь окуясына айыпталган Кадыржан Батыров президент Алмазбек Атамбаев менен болгон жолугушуулары тууралуу жакында "Азаттыкка" айтып берген эле. Бирок президенттик аппарат Батыровдун интервьюсундагы айрым сөздөр кыркылып калган деп шектенген.
"Кадыржан Батыровдун бир эле ЖМКга - "Эркин Европа" радиосу - "Эркиндик" радиосу" ("Озодлик" өзбек кызматына жана "Азаттык" кыргыз кызматына) өзбек жана кыргыз тилдеринде берген маектеринин мазмунунда дал келбестиктер бар экенин белгилөө керек. Кыргыз тилинде аудио-видеоверсиянын жоктугу "Азаттык" кыргыз кызматы тарабынан атайын саясий максатты көздөп редакцияланган болушу мүмкүн деген ойго түртөт. Атап айтканда, кыргызча жана орусча тексттеринде Убактылуу өкмөттүн бир мүчөсү менен байланыштары болгону тууралуу Кадыржан Батыровдун сөздөрүн редакторлор “тазалап” коюшканын эксперттер дароо байкашкан", - деп билдирген президенттик аппарат.
Мындан кийин "Азаттык" эч кандай "тазалоо" болбогонун ачыктап, далил катары Кадыржан Батыров менен болгон маектин кыргыз тилиндеги аудиосун жарыялады. Муну менен президенттик аппараттын айтканы жокко чыкты.