Текебаев: "Иним Асылбек 2010-жылы Жалал-Абадда Атамбаевди коргойм деп өмүрүн тобокелге салган"

"Президенттин командасы иним Асылбек Текебаев "Кадыржан Батыров менен 2010-жылы жолуккан" деп "Ата Мекен" партиясын Батыровдун кылмыштарына байланыштырып, аны качыруу боюнча күнөөлөп жатат. Бирок Алмазбек Атамбаев өзү Батыров менен бир нече жолу жашыруун жолуккан", - деди бүгүн, 11-октябрда маалымат жыйынында Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев.

Анын айтымында, 2010-жылы Апрель окуяларынан кийин Атамбаев Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө айтпай эле Ош шаарына жөнөгөн. "Ал мезгилде түштүктө абал курч болчу. Жалал-Абадда Батыров элди чогултууну пландап, бул чогулушка Атамбаев чакырылган эле. Ал жерде жаңжал болуп кетиши мүмкүн эле. Атамбаевдин өмүрүн коргоо үчүн иним Асылбекти жөнөткөм. Бирок Атамбаев коркконунан Жалал-Абадга барбай, Оштон Бишкекке түз учуп келген. Бүгүнкү күндө президенттин командасы Асылбек Текебаев Кадыржан Батыров менен жанында турганын көрсөткөн сүрөттү интернетте таратып, өз кызыкчылыгына пайдаланып жатат. Ал кезде Батыров кылмыш жасай элек болчу", - деди Текебаев.

Эскерте кетсек, 2012-жылдын 27-мартында Асылбек Текебаев 51 жаш курагында жүрөк оорусунан улам дүйнөдөн кайткан.

Текебаев: "Иним Атамбаевди коргоо үчүн К.Батыров менен жолугушкан"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан