Конституциялык палата 11-октябрда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча КСДПнын суроо-талабын карап, "Ата Мекен" фракциясыныкын караган жок. Укук коргоочу Рита Карасартова социалдык тармакта жеке баракчасына жазгандай, эки суроо-талапты бириктирип кароого мүмкүн болчу, бирок андай болгон жок. Саналуу мүнөттөрдүн ичинде Конституциялык палатанын корутундусу белгилүү болот. Судьялар учурда кеңешүүчү бөлмөгө кетишкени айтылды. "Баекованын тушундагыдай көрүнүш кайталанбайт деп үмүттөнөм", - деди Карасартова.
Эскерте кетсек, "Ата Мекен" фракциясы 7-октябрда Конституцияны өзгөртүү аракети боюнча Конституциялык палатага кайрылуу чечимине келген. "Ата мекенчилер" адам укугуна жана эркиндиктерине карата киргизилип жаткан өзгөртүүлөр, референдум тууралуу мыйзамдын кабыл алынышы канчалык Конституцияга жана мыйзамдарга шайкеш келери боюнча Конституциялык палатанын чечимин сураган. Баш мыйзамды өзгөртүү аракетине корутунду берүүнү бийлик да сураган.