Орусия менен Түркиянын ортосунда "Түрк агымы" долбоору боюнча келишимге кол коюлду

Орусия менен Түркия "Түрк агымы" газ түтүгү долбоору боюнча макулдашууга келишти. Орусиялык басылмалардын билдиришинче, документке Владимир Путин менен Режеп Тайип Эрдогандын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен эки өлкөнүн энергетика министрлери кол коюшту.

Буга чейин "Газпром" компаниясынын башчысы Алексей Миллер макулдашууда Кара деңиздин түбү аркылуу магистралдык түтүктүн эки куурун куруу каралганын билдирген. Миллердин айтымында, алар 2019-жылдын декабрына карата салынып бүтүшү керек.

2014-жылы газ куурунун үчүнчү энергопакетке шайкеш келиши керектигин билдирген ЕБдин талаптарынан улам Орусия "Түштүк агымды" куруудан баш тартып, альтернативдүү долбоорду - "Түрк агымын" ишке ашырууну баштаган. Бирок эки тараптуу мамилелердин суушуна байланыштуу долбоор боюнча сүйлөшүүлөр убактылуу токтогон. Алакалардын кайра жанданышы менен долбоор боюнча иштер башталды.

Ошондой эле Орусия Түркиядан жемиштерди алып кирүүгө киргизилген чектөөлөрдү жарым-жартылай алууну чечти. Алгачкылардан болуп Орусиянын базарында түрктөрдүн цитрус жемиштери, шабдалы, кара өрүктөрү пайда болмокчу.

Бүгүн Орусия президенти Владимир Путин орусиялык базарга түрк айыл чарба товарларынын тобун өткөрө турганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан