Конституциялык палата Конституцияны өзгөртүү боюнча бийликти колдогон чечим чыгарды

Жогорку Соттун Конституциялык палатасы Конституцияны өзгөртүү боюнча бийликтин аракетин колдогон чечим чыгарды. Муну 11-октябрда укук коргоочу Рита Карасартова социалдык тармактагы жеке баракчасына жазды. Баш мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр демократиялык мамлекеттин принциптерине каршы келбеси, адам укуктары менен эркиндиктерин чектебей турганы, болгону тактоо киргизери айтылды корутундуда. Конституциялык палатанын оң чечими бийликке 11-декабрда референдум өткөрүүгө жол ачып берет. Жыйынга катышып жаткан Карасартова чыгарылган чечимге карата "Уят!" деп баа берди.

Эскерте кетсек, "Ата Мекен" фракциясы 7-октябрда Конституцияны өзгөртүү аракети боюнча Конституциялык палатага кайрылуу чечимине келген. "Ата мекенчилер" адам укугуна жана эркиндиктерине карата киргизилип жаткан өзгөртүүлөр, референдум тууралуу мыйзамдын кабыл алынышы канчалык Конституцияга жана мыйзамдарга шайкеш келери боюнча Конституциялык палатанын чечимин сураган. Баш мыйзамды өзгөртүү аракетине корутунду берүүнү бийлик да сураган. Конституциялык палата бүгүн демилгечилердин кайрылуусун карап чечим чыгарды.

Жогорку Соттун Конституциялык палатасы 11 судьядан турат, бүгүнкү күндө 10 судья шайланган. Алар:

Эркинбек Мамыров

Кубанбек Киргизбаев

Мээргүл Бобукеева

Курмантай Абдиев

Чинара Айдарбекова

Мукамбет Касымалиев

Айсалкын Нарынбекова

Эмил Өскөнбаев

Чолпон Осмонова

Жедигер Саалаев

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан