“Бишкек мэри Албек Ибраимов президент Алмазбек Атамбаевди актайм деп, тескерисинче, кайрадан соккуга коюп берди”. Мындай пикирин бүгүн, 11-октябрда маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.
"Албек Ибраимов жергиликтүү маалыматтык агенттиктердин бирине берген маегинде “Манас” Эл аралык аэропортун жетектеп турганда борттогу тамак-ашты даярдоо боюнча цехти 12 миллион долларга президенттин кат жүзүндөгү уруксаты менен сатып алганын билдирген. Президенттин аэропортко кандай тиешеси бар? Эмне үчүн президент менен макулдашыш керек? "Президент менен макулдашты" деген сөз "ал буйрук берди, калганы аткарды" дегенди билдирет. Президент өзүнүн конституциялык укугунда жок нерселерге аралашып, бийликти узурпациялап келгенин далилдеп жатпайбы? Президентти ошол металлоломду, анын жапжаңысын 3 миллионго курса болот, 12 жарым миллионго сатып алган шектүү операцияга катыштырып коюп жатпайбы?” - деп нааразы болду Текебаев.