Бүгүн, 14-октябрда Нарын жана Ысык-Көл облустарынын жергиликтүү сотторунун жаңы шайланган судьялары Жогорку Сотто ант беришти. Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева кесиптештерин судьялык кызматка дайындалышы менен куттуктап, аларды таза иштөөгө чакырды. Жогорку Соттун маалыматына ылайык, жаңы дайындалган судьялар:
Азат Доулбеков жана Жаныбек Жумаков - Ак-Талаа райондук сотунун судьялары.
Бакбуркан Бердыбаев жана Жыпаркүл Киналиева - Ат-Башы райондук сотунун судьялары.
Айсейил Айдаралиева - Жумгал райондук сотунун судьясы.
Медел Султаналиев - Кочкор райондук сотунун судьясы.
Токтогул Жумаев - Ысык-Көл райондук сотунун судьясы.
Самар Ниязалиев - Каракол шаардык сотунун судьясы.
Майрамкүл Дүйшөмбиева жана Назира Усупбекова - Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык сотунун судьясы.
Судьялар 5 жылдык мөөнөткө дайындалышты.