Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаевага сөгүш берилди

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаевага сөгүш жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. Сөгүш министрдин орун басарына кызматтык милдеттерин жетиштүү түрдө аткарбаганы үчүн берилгени айтылат маалыматта.

Токтобүбү Ашымбаева аталган кызматта 2014-жылдын ноябрынан бери иштеп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан