КҮНСЕРЕП: Орусия менен мамиле муздаса, биринчи кезекте мигранттар жабыркашат

Бүгүн, 14-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Президент Алмазбек Атамбаев көп жолу Түркия жана Орусия Кыргыз мамлекетинин негизги стратегиялык өнөктөшү экенин айтып келген. 12-октябрдан тарта ажо ошол стратегиялык өнөктөштөрү менен салкын мамиледе болгон, керек болсо чырдашып жүргөн өлкөлөргө, тагыраагы, Орусия менен тирешип келген Грузияга жана Түркия менен ымаласы келишпеген Арменияга сапарлап кеткен. Мамлекет башчынын бул визиттерин Өмүрбек Текебаев: “Түрктөр "душман" деп элдешпей жүргөн Арменияга Атамбаев барганы жатат. Эми Кудайдан бир тилегеним, армяндар геноцидинин эстелигине гүл койбосо эле болду. Андай болсо, түрктөр менен биротоло кол үзүшөбүз",- деп сынга алган. 13-октябрда президент Атамбаев Грузияда башкы өнөктөштөрүн ойго салчу кадамдарды жасагандай болду. Адегенде ал Тбилисидеги Грузиянын биримдиги үчүн курман болгондордун, 2008-жылы Түштүк Осетияда орун алган Орусия менен болгон куралдуу кагылышууда курман болгон Грузиянын жарандарынын ысымдары чегерилген эстеликке гүл койду. Белгилей кетсек, Грузиянын курамынан чыгып алган Абхазия жана Түштүк Осетия көз карандысыз экендигин жарыялашкан жана Орусиянын колдоосундагы аймактар болуп эсептелет. Президенттин бул кадамын айрымдар Кремлден тайманбастык катары баалашса, айрымдар "мындай билдирүүлөрдөн кийин Орусия менен мамиле муздайт" деп божомолдошууда. Андан тышкары аталган өлкөгө болгон сапар блоггер жана журналисттик чөйрөгө да жем таштады. Тбилисиде президент Атамбаев Кыргыз Республикасы укук коргоо тармагын реформалоодо Грузиядан үлгү алышы керектигин айткан. Бирок ушул эле укук коргоо органдарын реформалоонун башында турган Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровдон "Супер-Инфо" маек алганда Грузиянын реформасы мисал катары каралбаганын айткан. Журналист Эрнис Кыязов өлкө башчы Атамбаевге 5 жылда реформа жасоого эмне тоскоолдук кылганын сурады. "Каалаган мыйзамыңызды өткөрүп алууга парламент, каалаган реформаңызды аткартууга өкмөт, юридикалык мандемдер болсо кыңк этпей жасаттырууга сот, элге өз позицияңызды каалаганча жеткирүүгө маалымат каражаттары колуңузда болду. Эл билбеген, сиз билбеген сырларды астыңызга алып келип жая салган УКМК, тентектерди жазалоого милиция, күч органдары, армия колуңузда турду. Ажолук кызматка киришкен жылдары “кескин реформаларды жасоого акаевчилер, бакиевчилер дагы эле бут тосуп жатышат” деген мааниде кыңырылчу элеңиз, азыр айланаңызга өңчөй акаевчилер, бакиевчилер топтолуп алып, бир кездеги идеялашыңыз, досуңуз Текебаевге каршы согуш ачкан “реформаңыздын” маанисин өзүңүз деле түшүнбөй калдыңыз болуш керек..." - дейт Кыязов.

Арменияга Алмазбек Атамбаев бүгүн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйынына катышуу үчүн учуп барды. Грузиядагы эстеликке гүл коюлган соң, армяндардын геноцидинин эстелигине гүл коюлбайт деп айтуу да кыйын болуп турат. Тышкы саясат айрыкча Кыргыз мамлекети тарабынан аяр, ийкем жүргүзүлүшү керектиги түшүнүктүү. Анткени туура эмес жүргүзүлгөн тышкы саясаттын кесепети саясатчылардан мурун жумушсуздук күч алган Кыргыз жеринен Орусияга, Түркияга иштеп кеткен карапайым жарандарга залал тийгизери айтпаса да белгилүү...

Акыркы күндөрү медиа талаасында Бакиевдер баш көтөрүүдө. Бүгүн Кыргыз мамлекетинин мурунку президенти Курманбек Бакиевдин экинчи аялы Назгүл Төлөмүшева Беларустагы "Минск" мейманканасынын директору болуп дайындалганы тууралуу маалымат чыкты. Тиешелүү чечимди Беларустун президентинин Иш башкармалыгы 3-октябрда чыгарган. 2010-жылдан бери Беларуста күн кечирип келген Бакиевдин үй-бүлөсү башында Березинск коругундагы резиденцияда жашаса, кийин Дрозды айылына көчкөн. Атүгүл интернетке Курманбек Бакиевдин жана анын уулу Марат Бакиевдин Беларуста жашап жаткан хан сарайларынын сүрөттөрү чыгып кеткен. Ал эми бул аптанын башында Улуу Британиядан баш паанек тапкан дагы бир уулу Максим Бакиевге карата болгон доо арызды кыргыз бийлиги кайтарып алгандыгы тууралуу маалымат тараган. Бул доо арызда Максим Бакиевдин 20 миллион фунт стерлинг (1 миллиард 700 миллион сомго жакын) уурдаган деген айып коюлган болчу...

Жогорку Кеңеште өлкөнүн мамлекеттик карызы тууралуу кеп козголду. “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев өлкөнүн карызы 4 миллиарддан ашканын жана дагы 2 миллиард доллар карыз алуу боюнча макулдашуу бар экенин айтып, ал каражат келе турган болсо өлкөнүн карызы 6 миллиарддан ашарына тынчсызданды. Атүгүл аталган фракциядан депутат Тынчтык Шайназаров "Эртең кытайлар келип карызды сураса, аймагыбызды беребизби?" деп суроо салды. Ошол эле тапта сырттан карыз алуу тууралуу документтерди Жогорку Кеңеш ратификациядан өткөрөт. “2018-жылдан тарта жылына 300-350 миллион доллардан тышкы карызды төлөп баштайт экенбиз. Сомго которгондо бул 25 миллиард болот. Бизде бюджеттин таңсыктыгы өзү 20 миллиард сомдон ашып турат. Карызды төлөөгө кетчү 25 миллиард сомду кошсок, анда биз дефолтко баратабыз. Антикризистик программа киргизишибиз керек”, - деди Төрөбаев. Айта кетсек, өлкөбүздүн учурдагы мамлекеттик карызы 4 миллиард 75 миллион доллар. Бул ички дүң продукциянын 70 пайызын түзөт. Кызыгы, мына ушунчалык көп карыз алынса да, өлкөдөгү мектептерди мындай кой, окуу китептери тартыш болуп турат. Жакында келүүчү 2 миллиард долларлык карыз пайдалуу иштерге жумшалат дегенге ишенүү кыйын. 2010-жылы Апрель окуясына чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы 3 миллиард долларга жетчү эмес, бул өлкөнүн эгемендүүлүк тарыхында топтолгон карыздын көлөмү. Эмдиги жылы президенттик мөөнөтү аяктай турган Алмазбек Атамбаевдин тушунда мамлекеттик карыз эки эсеге жогорулаганы турат. Бул да болсо Атамбаевдин бир өлкөнүн лидери катары, 2010-жылдан бери коалициянын негизин курап келе жаткан бийликчил КСДПнын иш жыйынтыгынын көрсөткүчү болуп калат...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан