Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтүндө бүгүн, 15-октябрда машина-трактордук станциянын ачылышы болуп өттү. Иш-чарага “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев, депутаттар Абылкайыр Узакбаев жана Абдумажит Юсуров, айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев катышты. Бул МТС Ысык-Көлдө ачылган алгачкы муниципалдык станция болуп саналат. “Айыл банктан” алынган насыяга 9 миллион 900 миң сомго 11 даана техника алынган. Бакыт Төрөбаевдин айтымында, быйыл жалпысынан 30 МТС ачылып, анын санын 80ге чейин жеткирүү пландалган. “Мындай МТСтер ар бир айыл өкмөттө ачылышы керек. Биз бул багытта иш-аракеттерди улантып, дыйкандарга колдоо көрсөтө беребиз”, - деди Төрөбаев.
Эскерте кетсек, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы чечим чыгарып, өкмөткө тапшырма берген. Эми өкмөттүн токтому менен МТСтерди айыл өкмөттөрдүн негизинде ачууга болот. Бүгүнкү күндө Сокулук жана Ат-Башы райондорунда МТСтер ачылды. Таласта өткөн жумада 7 МТСтин ачылышы болуп өттү. 80ден ашуун айыл өкмөттөн арыз келип түштү. Кийинки жумада Өзгөн районунда МТС ачылганы турат.