Мындан 3 жыл мурун, 2013-жылы Башкы прокуратура талап-тоноочулукка айыпталып жаткан Жогорку Кеңештин айрым депутаттары боюнча кылмыш ишин жаңылоодон баш тартканын Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлаган. Мекемелер аралык тергөө тобунун жетекчиси Асылбек Чекиров депутаттар Райкан Төлөгөнов менен Туратбек Мадылбековго козголгон кылмыш ишин токтотуу боюнча токтомду жокко чыгарып, депутаттарды кол тийбестик укугунан ажыратууну суранып жаткан. 2013-жылдын январь айында тергөө тобунун мурдагы жетекчиси Кубатбек Ноорузбаев жогорудагы депутаттардин иши боюнча далилдин жетишсиздигине байланыштуу кылмыш ишин токтоткон эле. Башкы прокуратура да бул иш боюнча конкреттүү далилдер жоктугун маалымдаган.
17-октябрга карата жылнаама.