Кыргызстандын интернет аркылуу максаттуу жарнамалоо тармагы тездик менен өнүгүүдө

14-октябрда Бишкек шаарындагы KRJC Япония борборунда семинар болуп өттү. Семинардагы сөз болгон темалар максаттуу жарнамага байланышып, Бишкектеги маркетологдор жана жарнама агенттиктери үчүн жемиштүү болду. Семинардын спикери myTarget - максаттуу жарнаманы социалдык тармактарга жайгаштыруу сервисинин Кыргызстандагы аймактык өкүлү, I DO MARKETING компаниясынын директору Айбек Куренкеев болду. Жергиликтүү маркетологдордун практикасында болгон окуялардан мисал келтирип, таргетингдин (максаттуу жарнамалоо) Кыргызстанда эффективдүү колдонулуп жатканын белгиледи. Ошондой эле интернеттин Кыргызстанда жайылышы, анын өнүгүшү, популярдуу жана жыйынтыктуу ресурстар жана максаттуу жарнаманын түрдүү форматтары тууралуу кызыктуу баян курду.

Экинчи спикер Александр Конев – уникалдуу ыкма-окуяларга бай кейстер менен куралданган орусиялык эксперт, myTarget'тин кардарлар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси. Ал семинарга катышкандарга фармацевтика, кыймылсыз мүлк, финансы жаатындагы түрдүү тармактардагы көптөгөн сырлары менен бөлүштү.

Семинарга келгендер маркетингдеги перфоманс (ишти аткаруу жолу), максаттуу интернет жана мобилдик жарнама тууралуу маалымат алышты. Жарнама тармагынын келечектеги жаңы тренддери болгон мобилдик жарнама, атайын долбоорлор, видеоформаттагы жарнама, максаттуу, даректүү жарнама жана ретаргетинг тууралуу да маселелер козголду.

myTarget – бул КМШ өлкөлөрүндөгү көптөгөн жарнамалык сайттарды бириктирген жарнамалык платформа. Ал 140 миллиондон ашык колдонуучусу бар аудиторияны камтып, таргетингдин жаңы технологиясынын жаралышына өбөлгө боло алды. Учурда бул платформа өз ичине таргетингдин ар түрдүү багыттагы 320дан ашык түрүн камтыйт.

Кыргызстан маркетинг жаатында максаттуу өсүш менен келе жатат. Мунун негизинде жеке ишкерлер үчүн чоң перспективдүү жолдор ачылууда. Бүгүнкү күндө Target дүйнө жүзүндө кандай популярдуулукка жетишсе, Кыргызстандагы ишкерлер арасында да ошондой ийгилик табууда.

Семинар учурунда спикерлерге катышуучулар интернеттеги жарнама, социалдык тармактарда жарнама жайгаштыруу жана дегеле маркетингге байланышкан түрдүү суроолорду берип жатышты. Семинардын аягында жарнама агенттиктеринин жана маркетинг компанияларынын өкүлдөрү мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Кыргызстандагы Target аккредитацияланган агенттигине, I DO MARKETING компаниясына кызматташуу боюнча сунуштар менен кайрылып жатышты. Эскерте кетсек, ушул сыяктуу эле иш-чаралар кийинки жылдары да өтмөкчү.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
lesa123
2016-10-18 17:08:33
Молодцы! ошондой кызыктуу билдируулордон берип турсаныздар, ато баары эле Атамбаев-Текебаев болуп кетти го. Мындай интернет рекламанын онугуусу жаны баштаган жаш ишкерлерге абдан жакшы мумкунчулукторду берет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан