Референдум өткөрүүгө 317 миллион сом эмес, 615 миллион сом жумшалганы жатканы айтылды

Жогорку Кеңештин депутаттары Конституцияны өзгөртүү үчүн референдум өткөрүүгө 615 миллион сом каралганын түшүнбөй жатышат. Парламенттин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин 18-октябрдагы жыйынында депутат Улугбек Ормонов референдум кайсы күнү өтөрү так чечиле электе Каржы министрлиги бул үчүн 615 миллион сом бөлүп жатканын билдирди.

Буга чейин референдум өткөрүүгө бюджеттен 317 миллион сом жумшалары айтылып келген. Муну парламенттин 29-сентябрдагы жыйынында каржы министринин орун басары Алмазбек Азимов тастыктаган эле. 615 миллион сом кайдан чыкты?

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан