Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин 18-октябрдагы жыйынында Конституцияны өзгөртүүгө жол ачуучу мыйзамдын долбоору 2-окууда каралууда. Бул долбоор кызуу талкууланып, депутаттар бир чечимге келе алышкан жок. Мындан улам депутат Өмүрбек Бабанов саат 14:00гө чейин танапис жарыялоону сунуштады. Депутат Бакыт Төрөбаев талкууну 14:00дө эмес, 16:00дө баштоону демилгеледи. Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү танаписти саат 16:00гө чейин жарыялоону чечишти.
Айта кетсек, аталган документке ылайык, Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум 2016-жылдын 11-декабрына дайындалмакчы.