"Кумтөр" көп жыл иштеген кызматкерлерин сыйлады

“Кумтөр Голд Компани” 5, 10, 15, 20 жыл иштеген кызматкерлерин куттуктады. Ысык-Көл облусундагы кызматкерлерге Каракол шаарында атайын салтанат уюштурулуп, компаниянын сыйлыктары, Ардак грамоталары жана белектери ыйгарылды. Алтын кен ишканасы кызматкерлерин жогору баалап, мындай иш-чараны жылда өткөрөт.

21 жылдан бери ишканада жардыргыч болуп иштеген Нарынбек Казыбеков "Жылдын мыкты кызматкери" наамын алып, атайын төш белги жана грамота менен сыйланды. "Жумушубуз аябай оор, бизде суук, аба ырайы катаал. Оор жумуштарда чыдап иштеп жүрөбүз да. (Жубайын көргөзүп) булар биздин түшкөнүбүздү эле күтүп турушат, "аман-эсен иштеп түшсө экен" деп. Алтын кенге экскурсияга дагы алып бардык, иштеген жерибизди өз көздөрү менен көргөн", - деп кубанычын бөлүштү. Жубайы Алтын Жакыпова жолдошунун сыйлыгына жетине албай: "Бул абышкамдын эмгеги, аман-эсен жүрсүн биздин маңдайыбызда. Нарын экөөбүз тең көп бир тууганбыз. Колдон-буттан алып, инилерин үйлөнтүп, үй салганда кошумча берди", - деп сыймыктануу менен кошумчалайт.

Ал эми Сүйүн Асылбекова “Кумтөрдө” иштегенине абдан сыймыктанат. “Бизде пластик, кагаз, айнек өзүнчө топтолуп, ыргытылат. Ошону Кыргызстанда, биздин курорттук аймак - Ысык-Көлдүн тегерегинде да адат кылып, үйрөнүшсө. Ошону аябай тилейт элем, элден суранат элем”, - деп алтын кендин жакшы тартиптерин жайылтууга ынтызар.

Сыйлык алгандардын катарында жаш үй-бүлөлүү Анвар Мелисов бар. Ал 8 жылдан бери ишкананын кампасында координатор болуп эмгектенет. “Мен "Кумтөргө" кирген убакта карыздарым аябай көп болчу, азыр эми жакшы, Кудайга шүгүр, жетиштүү турмушта жашап жатабыз. Бийик тоолуу жерде ар бир эле адам иштей албайт. Ден соолугу мыкты жана күчтүү каалоосу болуусу шарт”, - дейт ал. Анвар Мелисов да салтанатка жубайы Гүлмира менен келген. Ар бир нөөмөтүн ийгиликтүү аяктап келишин чыдамсыздык менен күткөнүн, жолдошу чоң компанияда иштеп, ийгиликке жетишкенин, тагдырына ыраазы экенин жашырбайт. Жаш жубайлар эки жылдан кийин 10 жыл эмгектенген кызматкерлердин тоюна катышат. Эгер баары жакшы болсо, 20 жыл эмгектенген "кумтөрчүлөрдүн" катарын толуктоону да кыялданат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан