Ак илбирс дүйнөнүн 12 гана өлкөсүндө бар жана Кыргызстан алардын ичинде. Кыргызстанда да көбүнесе Нарын тарапта кездешет. Бийик тоолуу аймакты мекендеген жандыкты окумуштуулар толук изилдеп бүтө элек, анткени аны кармамак тургай, көрүү кыйынга турат.
Кыргыздар үчүн ак илбирс өзгөчө касиетке ээ. Бул ташалсыз. Кыргыз каганатынын башында болгон Барсбек кагандын ысымы көптү туюнтат. Албетте, илбирстин терисин сыйрып, үйүнө тагып алган замандаштарыбыз да бар. Жоголуп бараткан жаныбарлардын тизмесинен чыгарып, санын көбөйтүп, “биздин тоолорду мекендейт” деп сыймыктануу менен айтчу күндү самайбыз. Ал үчүн, албетте, аңчылыкты катуу көзөмөлдөө – биринчи шарт. Экинчиси – толук кандуу изилдөө, башка өлкөлөрдөн кыйын окумуштууларды тартып келип, биздин илбирстердин санын көбөйтүү боюнча кеңеш алып, алгылыктуу иштерди аткаруу.
Кыргызстандын жаратылыш коруктарында ак илбирс бар экенин фотокапканга түшкөн фотолор далилдейт. Алардын бири Шамшы коругу, экинчиси Сарычат-Ээрташ. Шамшы коругу президент Атамбаевдин жарлыгы менен уюштурулган. Ал эми Сарычат-Ээрташ коругу “Кумтөр” кенин иштетүү башталганда Дүйнөлүк банк жана ЕББР сыяктуу чет элдик донорлордун канадалык инвесторго койгон талабы боюнча уюштурулган. Эки жаратылыш коругунда тең "Snow Leopard Trust" өңдүү эл аралык ак илбирсти коргоо фонддору жана уюмдары түркүн илимий изилдөө иштерин жүргүзүшөт. Шамшы коругунун уюштурулганына аз гана убакыт болсо, Сарычат-Ээрташтын 20 жылдан ашуун тарыхы, чоң жетишкендиктери жана “Кумтөр Голд Компани” сыяктуу ишеничтүү өнөктөшү бар. Алтын кен ишканасы коңшу туруп, ак илбирске жем болчу аркар-кулжа менен тоо текенин саны көбөйгөнү үчүн илбирс тукум улап жаткан республика боюнча жалгыз аймак, анткени Кумтөрдө аңчылыкка толук тыюу салынган.
Фактылар: Ак илбирстин саны Кыргызстанда болжол менен 300дөй. "NABU-Кыргызстан" бейөкмөт уюму Ысык-Көл облусунда жапайы жаныбарлар үчүн реабилитация борборунда жабыркаган, жаратылышта жашап кете албаган үч илбирс жашайт. Аңчылыкты тыюуга каршы мыйзам кабыл алуу көп жылдан бери демилгеленип, бирок ишке ашпай келет. Жакынкы кылымда дүйнө жүзүнөн 100 ири жаныбар жоголот, алардын арасында биздин ак илбирс да болушу мүмкүн. Илбирсти сактап калыш үчүн Кумтөрдөгүдөй кылып аңчылыкты толук тыйып, изилдөө иштерин жүргүзүү абзел.