Жогорку Кеңеште Конституциянын оригиналы боюнча кайрадан талаш чыкты

Жогорку Кеңештин 26-октябрдагы жыйынында Конституциянын оригиналы боюнча кайрадан талаш чыкты. Депутат Аида Салянова демилгечилерден Конституциянын түп нускасын тапкан же таппаганын сурады. Президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаев президенттик аппаратта Конституциянын 2 долбоорунун тексти бар экенин айтты. "Биринчиси 20-майдагы долбоор, экинчиси 24-майдагы өзгөртүү, түзөтүү киргизилген варианты. Отунбаева кол койгон декретке тиркелген. Мурун да айткам, бул документтерде калем менен оңдолгон жерлери бар. Бирок бул эки документтин бириктирилип, толук иштелип чыккан варианты бизде жок", - деди Абдылдаев.

Депутат Алмамбет Шыкмаматов 2010-жылкы Конституция кол коюуну талап кылбаганын айтты.

Башка депутаттар бул маселе боюнча депутаттык комиссия түзүүнү, Конституциянын оригиналын сөзсүз табуу керектигин айтып чыгышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан