Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-октябрда саясатка кантип келип калганын айтты.
"Негизи, мен ишкер, өлкөдөгү эң бай киши болчумун. Биринчи жеке фирмамды СССР убагында, Горбачёвдун тушунда эле ачкам. "Форум" фирмасы 1989-жылы катталган. Мен Мерседес менен жүргөндө, президент Акаев Волга менен жүрчү. Ошондуктан мени шыбап башташкан, жыйынтыгында мени оппозиционер саясатчы кылышты. Менимче, буга өкүнүшсө керек", - деди президент.
Бул жөнүндө президент Алмазбек Атамбаев ага Ишеним грамотасын тапшыруу үчүн келген 9 өлкөнүн элчилерине айтып берди.