Нурбек Сыдыгалиев өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары кызматынан бошотулду

Нурбек Сыдыгалиев өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 26-октябрда билдирди. Тиешелүү буйрукка 25-октябрь күнү өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Сыдыгалиев өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы айтылат маалыматта.

Айта кетсек, Нурбек Сыдыгалиев бул кызматка 2015-жылдын 23-декабрында мурдагы өкмөт башчы Темир Сариевдин буйругу менен дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан